Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:10

"Медиазона"менен Би-би-си "Москва" крейсеринде мерт болгондордун тек-жайын тактады

"Москва" крейсери чабуулдан кийин. Кара-Деңиз. 2022-жыл.
"Москва" крейсери чабуулдан кийин. Кара-Деңиз. 2022-жыл.

Би-би-си орус кызматы, "Медиазона" басылмасы жана ыктыярчылар тобу 2022-жылы апрелде чөгүп кеткен "Москва" крейсеринде мерт болгон 28 адамдын тек-жайын, аты-жөнүн толук тактады. Ага ылайык, набыт болгондордун теңи, 14 адам Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралынын 18 жаштан 22 жашка чейинки тургундары болгон.

Өткөн аптада, 23-январда Москвадагы экинчи Батыш аймактык аскердик соту аталган крейсер украин армиясынын чабуулуна кабылганын, жыйынтыгында 20 адам мерт кеткенин билдирген. "Медиазона" соттун басма сөз кызматы бул маалыматты көп өтпөй эле алып салганын жазган.

Алынып салынган маалыматта сот крейсердин чөгүшүнө байланыштуу өкүм чыгарганы көрсөтүлгөн. Ага ылайык, украин армиясынын 406-артиллериялык бригадасынын командири Андрей Шубин сыртынан эл аралык терроризмге айыпталып, өмүр бою эркиндигинен ажыратылган.

Орусия тергөөсүнүн божомолуна караганда, Шубин Кара деңиздеги Жылан аралынын жанында "Москва" крейсерине жана "Адмирал Эссен" фрегатына ракета менен чабуул коюуну буйруган, аталган фрегат андан мурдараак да бутага алынганы айтылат. Сот ошондой эле украин аскеринен 2,2 миллиард рубль төлөтүү токтомун чыгарган.

"Медиазона" бул маалыматта сот алгачкы жолу "Москва" крейсери ракета чабуулуна кабылганы анык экенин белгилеген. Билдирүүдө ошондой эле крейсер чөккөндө набыт болгондордун тек-жайы расмий көрсөтүлүп, "жарылуудан, өрттөн жана ис түтүндөн экипаждын 20 мүчөсү мерт кеткен" деп жазылган. Ошондой эле 24 моряк түрдүү жаракат алганы, кеме сууда бир нече саат кармалып турганына карабай сегиз адам дайынсыз жоголгону белгиленген. "Адмирал Эссен" фрегатына урулган соккудан бир адам жаракат алган.

Орусиянын Кара деңиз флотунун флагманы саналган "Москва" крейсери Украина менен согушта колдонулган. Украин армиясы жана Пентагон 2022-жылы жазында кеме украин ракеталарынын соккусунан кийин чөккөнүн билдиришкен. Орусия тарап муну четке кагып, крейсердин чөгүп кетиши ок-дарылардын жарылышына алып келген өрттүн кесепетинен болгон деп ырастап келген.

Орусиянын Коргоо министрлиги башында крейсердин экипажы толугу менен эвакуацияланганын айтса, кийинчерээк 27 аскер кызматкери дайынсыз жоголгонун маалымдаган.

Кемеде набыт болгондордун айрымдары аскердик милдетин өтөп жүргөн жоокерлер болгон.


Шерине

XS
SM
MD
LG