Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Рютте Европа АКШсыз өзүн коргой албай турганын айтты

Марк Рютте
Марк Рютте

НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте Европа өлкөлөрүн АКШ президенти Дональд Трамптын Гренландия дымагы жана Вашингтон менен Евробиримдик ортосундагы башка келишпестиктерден улам коргоо тармагында АКШ менен байланышты үзбөөгө чакырды.

Европарламенттеги угуулар учурунда Рютте Европа АКШсыз эле коргонуп алат дегендер "кыялдарын уланта" беришерин айтып, Орусиянын президенти Владимир Путин Европада өзүнчө армия же НАТОдон тышкары аскердик түзүм түзүлсө "кубанычта гана болорун" белгиледи.

Ал ошондой эле аскердик тармакта жана Украинаны колдоодо, анын ичинде Киевге курал берүүдө АКШ менен кызматташуу маанилүү экенин белгиледи.

Рютте АКШдан курал албай туруп Европа Украинанын талаптарын аткара албайт деп эсептей турганын айтты, ошондуктан "Европаныкын сатып ал" саясатына байланбоого чакырды. Анын сөзүнө караганда, союздаштар НАТО аркылуу Украинаны кыйынчылыксыз колдоп келе жатат.

Рютте ошол эле учурда Европа өлкөлөрү, Трамп белгилегендей, өзүнүн коопсуздугу үчүн көбүрөөк жоопкерчилик алууга тийиштигин айтты, бирок АКШ менен кызматташуу, айрыкча өзөктүк чөйрөдө улантылышы керек. Рютте Европа АКШнын "ядролук кол чатырынын" астында кала берерине ишендирип, америкалык аскерлердин континенттен толугу менен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды.

Европалык лидерлер бир жагынан Трамп талап кылгандай, аскердик чыгымдарды көбөйтүүнү жакташат. Экинчи жагынан, АКШнын саясатындагы, анын ичинде Гренландия маселесиндеги өзгөрүүлөр шартында Европа биримдигинде трансатлантикалык мамилелерден стратегиялык автономияга же көз карандысыздыкка чакыруу арбып жатат.

Трамп, өз кезегинде, НАТОну жана европалык өнөктөштөрдү сындап, аларды натыйжасыз деп айыптоодо. Анын Ооганстан өнөктүгүндө АКШнын союздаштарынын ролу жөнүндөгү акыркы билдирүүлөрү Улуу Британия, Польша, Чехия жана башка бир катар Европа өлкөлөрүнүн нааразылыгын жараткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG