Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:42

Ирандагы акцияларда каза тапкандар 30 миңден ашканы кабарланды


Иран. Тегерандагы нааразылык акциясы. 8-январь, 2026-жыл
Иран. Тегерандагы нааразылык акциясы. 8-январь, 2026-жыл

Ирандын бардык аймагында интернет бериле элек, бөгөттөлүп турат. Укук коргоочулар нааразылык акциясында каза тапкандардын саны өсүп жатканын билдиришүүдө.

Санариптик укуктарды коргогон NetBlocks уюму 25-январда Иранда интернеттин өчкөнүнө 400 сааттан ашканын маалымдады. VPN аркылуу чектелүү болсо да онлайн байланыш түзүлүп жатканын билдирди.

Укук коргоо уюмдары болсо Иранда электр энергиясы өчүрүлүп, маалымат алуу чектелип калганын, курмандыктардын санын көз карандысыз булактардан текшерүү оор болуп атканын кабарлады.

Америкада жайгашкан HRANA уюмунун маалыматына караганда, 5459 кишинин каза тапканы ырасталды, ал эми 17031 кишинин өлүмү такталып жатат.

Time журналы акцияларда өлгөндөр 30 миңден ашканын Ирандын саламаттык сактоо тармагындагы эки аткаминерге таянуу менен жазды. Басылманын 25-январда жарыяланган отчетунда Ирандын бийлиги толкундоолорду күч менен катуу баскан 8-9-январь күндөрү өлгөндөр көп болгону белгиленген.

Иранда улуттук валюта - риалдын кескин арзандашына жана инфляциянын өсүшүнө каршы жапырт толкундоолор 2025-жылдын 28-декабрында башталган. Бийлик өлкөдө интернетти өчүргөнгө чейин толкундоолор 120га чукул шаарга жайылды. Тегеран нааразылык акцияларын курал, күч колдону менен басууга аракеттенген.

Шерине

XS
SM
MD
LG