Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

Путин Трамптын атайын чабармандары менен жолугушту


Стив Уиткофф (солдо) жана Жаред Кушнер
Стив Уиткофф (солдо) жана Жаред Кушнер

Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамптын атайын чабармандары Жаред Кушнер, Стив Уиткофф жана Жош Гринбаум жолугушту.

Жолугушуудан кийин Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков сүйлөшүүлөр төрт сааттай болгонун, "мазмундуу жана конструктивдүү", "ачык жана ишенимдүү" өткөнүн билдирди.

Анын сөзүнө караганда, тараптар 23-январда Орусия, Украина жана АКШ өкүлдөрүнөн турган жумуш тобунун үч тараптуу жолугушуусун Абу-Дабиде өткөрүүнү макулдашты. Орусиянын делегациясын Аскердик чалгын кызматынын башкармалыгынын жетекчиси Игорь Костюков баштап барат. Ошондой эле ал жакта экономикалык иштер боюнча эки тараптуу топтун жетекчилери - Орусиядагы түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф да жолугушарын кошумчалады.

"Президенттин америкалыктар менен сүйлөшүүсү учурунда аймактык маселени Анкорижде (Аляска -ред.) макулдашылган формула боюнча чечпей туруп, кырдаалды узак мөөнөткө жөндөө мүмкүн эместиги кайрадан тастыкталды", - деди Ушаков.

Стив Уиткофф 22-январда Давостогу билдирүүсүндө тараптар Украинадагы согушту токтотуу боюнча келишимге жакындап калганын, чечилбеген жалгыз маселе – аймактарга көзөмөл кылуу экенин билдирген.

Путин америкалык чабармандар Уиткоф жана Кушнер менен Орусиянын АКШда камакта турган активдерин согушта жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө пайдалануу боюнча сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн айткан.

Bloomberg агенттиги өткөн жумада Уиткофф жана Кушнер Путин менен жолугушууда АКШнын Украина боюнча тынчтык планынын маанилүү долбоорлорун тааныштырат деп жазган. Басылма жолугушуунун күн тартибинде Украинанын коопсуздугу үчүн АКШ менен Европанын кепилдиги жана өлкөнү согуштан кийинки калыбына келтирүү маселеси турганын кошумчалаган.
Уиткофф Путин менен Москвада декабрда да жолугушуп, алардын сүйлөшүүсү беш саатка созулган.

Орусия 2022-жылы 24-февралда Украинага басып кирген. Москва бул согушту "атайын аскердик операция" деп атайт.

Шерине

XS
SM
MD
LG