Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Давос: Зеленский Трампты Украинага абадан коргонуу системаларын берүүгө үндөдү


Владимир Зеленский. Давос, 22-январь 2026-жыл
Владимир Зеленский. Давос, 22-январь 2026-жыл

Жума-ишемби күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында АКШ, Украина жана Орусиянын өкүлдөрү катышкан сүйлөшүүлөр болот. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөгөндөн кийин билдирди.

Ал орус президенти Владимир Путиндин АКШнын президенти Дональд Трамптын чабармандары менен бейшембиге пландалган сүйлөшүүлөрүн комментарийлеп, “Украина гана эмес Орусия да компромисстерге даяр болушу керек”, - деп айтты.

Зеленский форумда сүйлөгөндө АКШ президентинин колдоосу болбосо Украинада тынчтык орнотууга жетишүү мүмкүн эмес экенин айтып, орусиялык активдерди Киевге жардам берүү үчүн колдонууну каалабаган Еврошаркетти "саясий эрк жок" деп сындады.

Украин лидери суроо-жооп сессиясында кышкы аязда бир миллиондой кишини жылуулуксуз жана жарыксыз калтырган орус армиясынын дрон жана ракета соккуларына туруштук берүү үчүн Киев кошумча коргонуу системаларына муктаж деп билдирди.

“Президент Трампка абадан коргонуу, Patriot системсы тууралуу унутпаңыз деп кайрылам. Кышында биз үчүн ал абдан маанилүү”, - деп айтты украин президенти.

Зеленский анын алдында Трамп менен болгон жолугушуу “Украинанын кызыкчылыгында” өткөнүн, оңой эмес, бирок позитивдүү болгонун айтты.

Америкалык лидер ал сүйлөшүүлөрдү “абдан жакшы” деп баалаган.

22-январдын кечинде АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер Путин менен жолугушуу үчүн Москвага барды.

Уиткофф америкалык делегация орус баш калаасында түнөбөсүн, ал жактан түз эле Эмиратка учарын айткан. Бирок Орусия же АКШ үн ката элек.


Шерине

XS
SM
MD
LG