Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин 22-январдагы сессиясында Бишкектеги ыш тууралуу айтты. Ал абанын сапатын өлчөгөн жабдыктар быйылкы кышта башкалаада биринчи жолу "жашыл аймактарды" көрсөткөнүн, муну мэриянын иш-аракеттеринин натыйжасы катары баалоого болорун билдирди:
"Ыш боюнча айта турган болсок... Ачык айтыш керек. Биринчи жолу быйылкы кышта Бишкек шаары күндөлүк өлчөөлөрдүн негизинде бир нече ирет "жашыл аймакка" өттү. Жылдагыдай, демейдегидей ыш жок. Ышты жоюу боюнча, анын кесепеттерин изилдеп, аныктап, шаар бийлиги жакшы иш алып барды. Жылдагыдай ыш жок. Аны баарыбыз көрүп атабыз, аракеттерин көрүп атат. Шаар бийлиги ар кайсы ыкманы колдонуп, ошонун негизинде шаарды тазартуу боюнча иштеп атат. Бул жаатта шаар бийлигине рахмат айтышыбыз керек. Жакшыны жакшы деп айтканды да үйрөнүшүбүз керек. Дагы деле болсо абал сезилерлик деңгээлде жоюлуп кеткен жок. Дагы деле бул көйгөй бар. Ыш маселеси. Мунун үстүнөн да иштеп атат. Бирок жылдагыдан быйыл азайтышты. Колунан келген аракетти жасап атат. Биринчи жолу кыш айларында биздин борбор шаарыбыз жашыл аймактарды көрсөтүп атат", - деди Тургунбек уулу.
Спикердин айткандары тууралуу маалымат каражаттарында жарыяланган видео, баяндардын алдында аны сындаган, "Бишкекте ыш күчөп жатат" деген тариздеги комментарийлер көп жазылууда.
Дүйнө жүзүндөгү абанын сапатын изилдеген World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек ыш, түтүндөн улам абасы эң кир шаарлардын сап башынан дээрлик түшө элек. 22-январь, кечки саат 19.00дөгү маалымат боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинин тегерегиндеги же башкалаанын чок ортосундагы жабдык индексти (AQI) 324 деп берди. 19-20-январда түнкүсүн бул көрсөткүч 700дөн ашып, ден соолукка өтө кооптуу деген чектен ашкан.
Аба таза болушу үчүн бул көрсөткүч 50дөн ылдый болушу керек.
Абанын сапатын көрсөткөн жабдуулар Бишкектин ар кайсы районунда ар түрдүү санды көрсөтүп турат. Маселен, саат 19.00дөгү индекс боюнча калаанын борборундагы башка райондордо 250, 255 болсо, жашыл түстү же 11 деген индексти Байтик айылындагы жабдык көрсөттү.
Индекс абанын сапатына жараша саат сайын жаңыланып турат. Кээде эртең менен аба бир аз тазарганы, түштөн кийин түтүн кайра каптаганы байкалат. Аталган тиркемеге катталган жабдыктар январда (11-январда) башкалаада шамал болгон учурда жашыл түстү көрсөткөн.
Соцтармактарда Бишкекте азыр ыш, түтүн үйдүн ичинен да сезилгендиктен, терезелерди ачпай отурганын айткандар бар.
Мурда Бишкекте World Air Quality уюмуна катталып, абанын сапатын көрсөтүп турган жабдыктар көп болчу. Алардын көбү маалыматты туура эмес көрсөтөт деген негизде алынган, азыр жети гана жабдык калган. Негизинен алар шаардын борбор тарабында жайгашкан.
Мындан улам тегерек-четте жана жаңы конуштардагы абанын сапаты кандай экенин билүү мүмкүн эмес. Буга чейинки жылдарда негизинен жер тамдар жайгашкан конуштарда индекс кооптуу чекке жеткен учурлар болгон.
Шерине