Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги Кытайдын "Цзюйхен кыймылсыз мүлк" компаниясынын өкүлдөрү менен кызматташуу меморандумуна кол койду. Тараптардын жолугушуусу 21-январда өткөнү тууралуу маалымат агенттиктин сайтына жарыяланды.
Жыйынтыгында инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Ага ылайык, кытайлык компания Кыргызстанда бизнес-борборлорду, турак жай жана соода борборлорун камтыган көп функциялуу комплекс долбоорун ишке ашырууга инвестиция салуу ниетин билдирген.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров инвесторго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, анын ичинде инвестициялык долбоорду коштоого жана тийиштүү мамлекеттик органдар менен ички маселелерди координациялоого даяр экенин билдирген.
Маалыматта аталган компания бул үчүн канча каражат инвестиция салууга даяр экени ачыкталган эмес.
"Цзюйхен кыймылсыз мүлк" компаниясы Кыргызстандын Юстиция министрлигинин каттоосунан 2025-жылы 22-августта "чет элдик катышы бар ишкана" катары катталган. Жеке компания деп аталган ишкананын директору Ли Юхай. Андан тышкары Ши Цзинхуа жана Юань Лианфу деген жарандар компаниянын негиздөөчүлөрү деп көрсөтүлгөн.(ZKo)
Шерине