Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Бишкек: Үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды, балдары таятасынын кароосуна берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук милициясына үй-бүлөлүк зомбулукка даттанып райондун тургуну кайрылган. 22-январь күнү ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери күйөөсүнүн зомбулугуна даттанган аялдын жашаган жерге барып, коргоо ордерин тапшырды.

Милициянын маалыматына караганда, аял күйөөсү ичип алып, күч колдонорун, психологиялык басымга аларын айтып арызданган. Коңшулары да үй ээси мас болуп алып, ызы-чуу саларына даттанышкан. Шектүү кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Маалыматта милиция кызматкерлери үй-бүлөнүн жашоо шарты начар экенине, үч баланын коопсуздугуна көңүл буруп, үйдү таза кармап, балдарга ыңгайлуу шарт түзүүнү аялга эскертишкени айтылат. Балдар коопсуздук үчүн үчөө тең убактылуу таятасынын кароосуна өткөрүлүп берилген.

Кыргызстанда кичинекей балдар оор шартта жашаган, ата-энеси же башка жакындарынан запкы көргөн учурлар арбын катталат.

2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп. (ZKo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG