Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Курулуш министрлигинин кызматкерлеринин маянасы жөнүндө өзү айткан сөзгө түшүндүрмө берип, акы 500 миң сомго чейин жеткен себебине түшүндүрмө берди.
Орунтаев “Ала-Тоо 24” телеканалына 31-декабрда чыккан интервьюсунда Курулуш министрлигинин департаменттеринде иштеген кызматкерлердин маянасы орточо 150-160 миң сомго жеткирилгенин, айрымдары 200 миң сомго чейин аларын билдирген. Мунун кыскача үзүндүсү социалдык түйүндөрдө өзүнчө тараган соң коомчулукта талкуу чыккан.
Министр буга байланыштуу Фейсбуктагы баракчасында түшүндүрмө жазып, кызматкерлер тапкан каражатка байланыштуу маянасы көбөйүп турарын, айлык акы атүгүл жарым миллионго чейин жетерин билдирди.
“Биздин бардык департаменттерибиз өзүн өзү камсыздоо механизми менен иштеп келет. Бизде орточо айлык маяна 150 миң сом, ал эми кээ бир департаменттерде 500 миң сомго чейин айлык маяна алат. Тагыраак айтканда, ким кандай иштесе, ошончо айлык алат. Биздин кызматкерлер – иш издеген кызматкерлер. Айтайын дегеним, биздин кызматкерлер тар профилдүү (узкопрофильный) кызматкерлер. Көпчүлүгү архитектор, куруучу, конструктор, инженерлер жана алардын эмгеги эмгек базарында чоң суроо талапка ээ. Бул кызматкерлер көп кабаттуу, оор инженердик объектилердин курулушунун тийиштүү документтерин жана проектилерин текшерип, ошол объектилерге жооп берүүчү кызматкерлер. Ошол себептен алар ушундай айлык маяна алат”, – деп жазды Нурдан Орунтаев.
Мурда милиция кызматкери болуп иштеген Нурдан Орунтаев 2022-2023-жылдары Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директору жана вице-мэр болуп иштеген. Ал мыйзамсыз курулуштарга каршы өз рейддерин видеого тартып социалдык түйүндөргө чыгарган соң элге таанылган.
2023-жылдын ноябрында Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жетекчи болгон. 2025-жылдын башында агенттик Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги болуп кайра уюшулуп, Орунтаевдин кызматы министр болуп аталып калган. Ал курулуш тармагында жана министрликте бир катар реформаларды баштаган. (ErN)
Шерине