Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Киевде түнкү чабуулдан кийин көп кабаттуу 5600дөй үй жылуулуксуз калды


Киев. Январь, 2026-жыл.
Киев. Январь, 2026-жыл.

Киев шаарынын мэри Виталий Кличко орус армиясынын дүйшөмбү түнкү соккуларынан кийин калаада көп кабаттуу 5 635 үй жылуулуксуз калганын маалымдады.

Кличко белгилегендей, жабыркаган үйлөрдүн болжол менен 80% 9-январдагы жапырт чабуулдан кийин жылуулук системаларын калыбына келтирип жаткан имараттар болгон. Ал шаардагы сол жээк түнкү соккудан кийин суу менен камсыздоо кызматынан ажыраганын кошумчалады.

Киев шаардык администрациясы ошондой эле энергия менен камсыздоо үзгүлтүккө учурашына байланыштуу метрополитендин кызыл жана жашыл линияларында поезддердин графиги өзгөрөрүн эскертти.

Днепров районунда эл жашабаган имараттарга сокку урулган, дрон ачык аймакка кулап, бир нече автоунаа өрттөнгөн. Бир аял жабыркаган жана ооруканага жеткирилген.

Ошондой эле Днепрге жасалган чабуулдан 76 жана 67 жаштагы эки аял жаракат алды. Аймактын аскердик администрация башчысы Александр Ганжа дрон чабуулунан улам өрт чыгып, көп кабаттуу үй, инфратүзүм жана бир нече автоунаа жабыркаганын кошумчалады.

Орусия Украинанын шаарларына түнкү чабуулу тууралуу комментарий бере элек.

Одессада 19-январдын түнүндөгү Орусиянын соккуларынан кийин 30 миңден ашуун киши электрсиз калган.

Соңку күндөрү өлкөнүн бир катар аймактарында энергетикалык объекттер бутага алынгандыктан 19-январда бир канча облуста, анын ичинде Днепропетровск облусунда электрди убактылуу жапырт өчүрүп үнөмдөө режими киргизилди. Украинанын энергетика тармагына соңку чабуулдар олуттуу кыйроо алып келгендиктен айрым райондордо электрди өчүрүү 10-12 саатка созулушу мүмкүн экени эскертилген.


Шерине

XS
SM
MD
LG