Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Бишкекте негизги аянттарда митинг өткөрүүгө салынган тыюу төртүнчү жыл катары менен узартылды


Бишкектеги сөз эркиндигине байланыштуу өткөн митинг. (Архивдик сүрөт)
Бишкектеги сөз эркиндигине байланыштуу өткөн митинг. (Архивдик сүрөт)

Бишкектин Биринчи май районунун аймагында митинг-пикет өткөрүүгө салынган тыюу мөөнөтү кайрадан узартылып, шаардын негизги аянттарында акция өткөрүүгө тыюу салынганына төрт жыл болду.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” берген маалыматка ылайык, 2025-жылдын 31-декабрында ушул эле райондун администрациясынын 2026-жылдын 1-январынан 31-мартына чейин нааразылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизүү өтүнүчүн сот канааттандырган.

Райондук сот 2022-жылы март айында эле Бишкектин Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, Өкмөт үйүнүн алдында, Турсунбаева атындагы бакчада митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салган.

Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында да тынч жыйын өткөрүүгө чектөө киргизилген.

Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот. 2022-жылы Бишкектин борбордук аянттарында акция өткөрүүгө салынган тыюу улам узартылып келатат.

Бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда адамдардын Конституцияда жазылган тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп жатканын кайталап келишет.

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 25-26-декабрь күндөрү Бишкекте өткөн Элдик курултайда бул маселеге байланыштуу комментарий берип, нааразылык акцияга чыгууну каалагандарга тыюу жок экенин, алар Максим Горький атындагы бакчага чогула берсе болорун айткан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG