Евробиримдиктин жогорку даражалуу өкүлдөрү 9-январда Сирияга алгачкы ирет расмий сапар менен барып, өлкөнүн убактылуу президенти Ахмад аш-Шараа менен жолугушту.
Еврокомиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Еврокеңештин төрагасы Антониу Кошта Сирияны дээрлик 14 жылга созулган жарандык согуштан кийин калыбына келтирүү аракеттерин колдорун билдиришти.
Аш-Шараа эл аралык деңгээлде активдүү дипломатиялык аракеттерди жүргүзүп, мурдагы мамлекет башчы Башар Асаддын тушунда Сириядан алыстап кеткен Батыш жана араб өлкөлөрү менен мамилелерди кайра жандандырууда.
Сапардын жүрүшүндө Антониу Кошта Евробиримдик 2026–2027-жылдары Сирияга 620 миллион евро (722 миллион доллар) көлөмүндө каржылык жардам көрсөтөрүн билдирди. Бул каражат гуманитардык жардамга жана калыбына келтирүү иштерин баштоого багытталат.
Асаддын бийлиги маалында санкциялардан улам реконструкцияга жардам берүү токтотулган эле, бирок азыр ал чектөөлөр алынган.
"Европа Сириянын калыбына келишине жана кайра курулушуна колдон келгендин баарын жасайт", — деп жазды Урсула фон дер Ляйен X социалдык тармагында.
Аш-Шараанын өкмөтү өлкөнүн бардык аймагына толук көзөмөл орнотууда кыйынчылыктарга дуушар болууда.
Акыркы күндөрү түндүктөгү Алеппо шаарында өкмөттүк күчтөр менен күрт жоокерлеринин ортосунда кагылышуулар болду. Бул жаңы түзүлгөн Сирия армиясы менен өлкөнүн түндүк-чыгышын көзөмөлдөп турган күрттөр жетектеген Сириянын демократиялык күчтөрү ортосунда биригүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашынан улам тутанганы айтылууда.
Сириянын Коргоо министрлиги жума күнү ок атышууну токтотуу жарыяланганын билдирди. Бирок Сириянын демократиялык күчтөрү бул тууралуу расмий комментарий бере элек, ошондой эле Алепподогу күрт күчтөрүнүн макул болгон-болбогону азырынча белгисиз.
Шерине