Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:50

Иранда бийликтин басымына карабастан нааразылык акциялары күчөдү


Тегеран шаары. 8-январда тартылган сүрөт.
Тегеран шаары. 8-январда тартылган сүрөт.

Иранда өкмөткө каршы акциялар 9-январда да уланууда. Алгач экономикалык каатчылыкка каршы чыккан демонстранттар саясий ураандарды да чакырып жатышат. 13 күндөн бери уланып келаткан нааразылык акцияларында ондогон адамдын өмүрү кыйылганы, миңдеген киши кармалганы, интернет жапырт өчүрүлүп жатканы кабарланууда.

9-январда Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи элге кайрылуу жасап, митингчилерди АКШнын президенти Дональд Трамптын атынан аракеттенүүдө, мамлекеттик мүлккө кол салууда деп айыптап, “чет өлкөлүктөргө жалданган адамдарга каршы чара көрүлөрүн” эскертти:

"Кечээ кечинде козголоңчулар менен вандалдардын тобу мамлекетке, элдин өзүнө таандык имаратты талкалап кетишти. Алар жөн гана америкалык президентке жагууну көздөгөн".

Хаменеи Трампты “өз өлкөсү менен алектенүүгө” үндөдү.

Акциялар тутанганда АКШнын президенти Дональд Трамп коопсуздук күчтөрү ок ачса демонстранттарга жардам жөнөтөрүн эскерткенден кийин Тегеран Вашингтон кийлигише турган болсо анын арты бүтүндөй регионду бейстабилдүүлүккө батырат деген жообун кайтарган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Иранда бийлик нааразылык акциясына чыккандарга күч колдонуп, атып жатканын билдирүүдө. Кеңсеси Норвегияда жайгашкан Iran Human Rights (IHR) уюму азыркы митингдер башталгандан бери Ирандын күч кызматкерлери кеминде 45 кишини өлтүргөнүн, алардын сегизи өспүрүмдөр экенин, 7-январь эң кандуу күн болгонун, анда 13 кишинин өлүмү тастыкталганын, 2 000ден ашуун адам камакка алынганын жарыялады.

AFP агенттигинин маалыматына караганда, расмий бийлик жана жалпыга маалымдоо каражаттары акциялар башталган күндөн бери кеминде 21 адамдын өлүмү катталганын, арасында күч кызматкерлери да бар экенин билдирди.

Netblocks онлайн уюмунун 8-январдагы маалыматында "түз эфирдеги көрсөткүчтөр Иран азыр Интернет жапырт өчүрүлгөн абалда турат" деп айтылды.

Human Rights Activists News Agency маалымат агенттиги акциялар Ирандын бардык 31 провинциясынын 348 жеринде өткөнүн жазды.

8-январда Ирандын президенти Масуд Пезешкиан демонстрацияларды жөнгө салууда "өтө токтоолукка" чакырып, "ар кандай зордук-зомбулукка же мажбурлоого жол бербөө керектигин" айтты.

Иранда динчил бийликке каршы нааразылык акциялары өлкөнүн ондогон шаарларына жайылып, бийлик менен элдин ортосундагы тирешүүгө айланып баратат. Көп жерлерде базарлар менен дүкөндөрдө, көчөдө соода кылган адамдар демонстрацияга чыккан элге кошулуп кеткени кабарланууда.

Нааразылыкка Ирандын улуттук акчасы риалдын наркынын АКШ долларына карата кескин арзандашы жана инфляциянын 52% чейин өсүшү себеп болгону айтылды (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG