Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:53

Айтылуу мажар режиссеру Бела Тарр көз жумду


Бела Тарр
Бела Тарр

Мажар режиссеру Бела Тарр 70 жаш курагында дүйнө салды. Венгриянын кинематографисттер ассоциациясы билдиргендей, ал узакка созулган оор илдеттин айынан көз жумган.

Бела Тарр 1955-жылы Венгриянын Печ шаарында төрөлгөн. Чыгармачылык жолун 16 жашында кино сүйүүчү катары баштаган. Кийинчерээк Бела Балаж атындагы студияда иштеп, ошол жерде өзүнүн алгачкы толук метраждуу "Үй-бүлөлүк уя" тасмасын тарткан.

Таррдын эң белгилүү эмгеги - жети сааттык "Азезил тангосу". Тасма мажар жазуучусу, Нобелдин адабият сыйлыгынын лауреаты Ласло Краснахоркаинин ошол эле аталыштагы романынын негизинде тартылган. Фильм алгач Берлин кинофестивалында көрсөтүлүп, "Алтын аюу" сыйлыгына татыган.

2011-жылы Тарр акыркы "Турин жылкысы" тасмасын тарткан. Бул эмгеги Берлин кинофестивалында "Күмүш аюу" сыйлыгын жеңип алган. Андан кийин режиссёр карьерасын жыйынтыктап, Сараеводо эл аралык film.factory кино мектебин негиздеген. 2016-жылга чейин Тарр бул мектептин жетекчиси жана профессору катары билим берүү программаларын иштеп чыккан. film.factory мектебинин студенттери тарткан тасмалар көптөгөн фестивалдардын сыйлыгын алган.

Бела Тарр Венгриянын искусство ишмерлери үчүн эң абройлуу Кошут жана кинематографисттеринин Бела Балаж атындагы сыйлыктарынын ээси.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG