Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:07

Кара-Суу: Ак-Теректин тургундары алтын казган компанияга нааразылык билдирип чыкты


Ак-Терек айылынын тургундары алтын казган "Эдельвейс Голд" компаниясына нааразылык билдирип чогулушту
Ак-Терек айылынын тургундары алтын казган "Эдельвейс Голд" компаниясына нааразылык билдирип чогулушту

Кара-Суу районунун Ак-Терек айылынын тургундары алтын казган "Эдельвейс Голд" компаниясына нааразылык билдирип чогулушту.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, 5-январда айыл ортосунда чогулган 30дай тургун аталган компания келишимдеги шарттарды аткарбай жатат деп билдиришти. Ишкана 2025-жылдын аягына чейин айылга 60 орундуу бала бакчанын курулушун каржылоого милдеттенме алып, бирок аны аткарбаганын, азыр айылда бала бакча маселеси курч экенин айтышты.

Айылдык кеңештин депутаты Рысбай Мажитов бала бакчанын имаратынын орду даяр экенин билдирди.

"Компания бала бакча куруп берүүнүн ордуна 200 миң АКШ долларын бермей болгон. "Эдельвейс Голд" ЖЧКсы бүгүнкү күнгө чейин 60 миң долларын гана айыл өкмөттүн эсебине которуп берген. Дагы 140 миң доллар которуп беришсе бала бакчаны куруу иштери алдыга жылмак. Каражатты 2025-жылдын ноябрь айында которушу керек эле. Бирок убадалары аткарылбай улам артка жылып келе жатат. Келишимди аткарбаган компания быйыл кайра жаңыдан келишим түзүүнү көздөп жатат. Бул маселени көп жолу айттык, чечилбеди. Көйгөйдү чечип берүүнү жогорку бийлик өкүлдөрүнөн суранат элем" - дейт Рысбай Мажитов.

Ал эми "Эдельвейс Голд" компаниясынын өкүлү Расул Осмонов калган каражат эс алуу күндөрү бүткөндөн кийин которуларын маалымдады.

"Эдельвейс Голд" жоопкерчилиги чектелген коому 2021-жылдан бери Куршаб дарыясынын жээгинен алтын казат. Компания кытайлыктарга тиешелүү. Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, ишкана 2025-жылдын мартында Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өтүп, директору Цзян Чжидун деп көрсөтүлгөн.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG