Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Өзбекстандык депутат мигранттарды Орусиядан кетүүгө чакырды


Алишер Кадиров.
Алишер Кадиров.

Өзбекстан парламенти - Олий Мажлистин депутаты, “Миллий тикланиш” партиясынын лидери Алишер Кадиров Орусиядагы мигранттарга кайрылып, ал жактан кетүүгө үндөдү. Депутат бул тууралуу Хабаровск крайында өзбекстандык мигрант орусиялык полициянын рейдинен кийин каза болгон окуяны комментарийлеп жатып билдирди.

“Ишенгиле, кырдаал ай сайын жаман болуп баратат. Орусиянын атайын кызматтары Борбор Азиядан баргандарды күтүлүп жаткан жаңжалдардын катышуучусу катары гана көрүп калды, ошондуктан, ал жакта булардын эмгегинен да качан эле баш тартышкан. Эртерээк ойлонуп, Орусиядан мүмкүн болушунча тез кеткиле! Эч кандай киреше, акча силердин ата-энеңердин жана балдарыңардын көз жашына татыбайт”, - деп жазды депутат өзүнүн Тelegram-каналына.

12-декабрда Орусиянын Хабаровск крайында полициянын атайын бөлүмүнүн кызматкерлери кафеге кирип барып, ал жактагы өзбекстандык жарандарды сабаганы, кийинчерээк бир өзбек жараны эсин жоготуп, көз жумганы кабарланган.

Расмий Ташкент бул окуя боюнча түшүндүрмө талап кылып, Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жиберген.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги жана Башкы консулдугу кырдаалга көзөмөл кылып жатканы жана дипломаттар маркумдун жакындары менен байланышып, анын сөөгүн мекенине жеткирүү маселесин чечип жатышканы айтылган.

Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, мамлекет сөөктү мекенине жеткирүүгө кеткен чыгымдарды толук өзү көтөрөт.

Орусия Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары үчүн негизги эмгек миграциясы багыты бойдон калууда. Ошол эле учурда бул өлкөдө коопсуздук рейддеринин катаалдыгы, улут аралык жек көрүү негизиндеги кылмыштар, коомдогу ксенофобиялык маанайдын өсүшү, ошондой эле мигранттарды Украинага каршы согушка тартуу уланууда.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG