Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Былтыр Евробиримдиктен мигранттар көп депортация болду


Польша-Беларус чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт
Польша-Беларус чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт

2025-жылы Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдөн мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялоо көп болгонун Еврокомиссиянын миграция маселелери боюнча жооптуу мүчөсү Магнус Бруннер 3-январда Welt am Sonntag гезитине курган маегиндеб илдирди.

Анын сөзүнө караганда, былтыркы депортация деңгээли 2019-жылдан берки бардык көрсөткүчтөрдү басып өтүп, 27% жетти.
Бруннер миграцияны тескөө боюнча жаңы чараларды кабыл алуу - Евробиримдикке легалсыз келген же башкалка берилбеген мигранттарды депортациялоону тездетүүгө шарт түзөрүн кошумчалаган.

Басылма Еврокомиссиянын мүчөсү былтыр мигранттарды кайтаруу боюча жаңы план сунуштаганын жазды. Ага ылайык, бийликтер менен кызматташуудан баш тарткан мигранттарга жеңилдиктер кыскарат. Башпаанек берилбеген мигрант качып кетет деп шектенген бийлик аны депортацияга чейин 24 ай кармоого укуктуу. Ал эми кылмышка шектүү мигранттарды өлкөдөн чыгарууга чейин белгисиз мөөнөткө кармап тура алат.

Евробиримдик ошондой эле алгачкы жолу миграция үчүн коопсуз деген өлкөлөрдүн тизмесин бекитти. Бул Египет, Марокко, Тунис, Индия, Косово, Бангладеш жана Колумбиядан келген мыйзамсыз мигранттарды депортациялоону тездетет. Бул өлкөлөрдүн Европадан башпаанек сураган жарандарынын өтүнүчтөрү чек арада жана транзит аймактарда да каралат. Мындан тышкары Евробиримдиктен башпаанек сурагандар үчүн үчүнчү өлкөлөрдө борборлорду ачуу болжолдонууда.

Еврокомиссиянын жетекчилиги жана биримдиктеги бир катар өлкөлөр былтыр миграцияга байланышкан эреже-тартиптерди катаалдаштырган. Жыл соңунда Евробиримдиктин ички иштер министрлери башпаанек берүү боюнча эрежелерди дагы катаалдаштыруу чараларын макулдашкан.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG