Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Милиция 28 жаштагы дарыгер Зибированын өлүмүн иликтеп жатат


Айгүл Зибирова. Сүрөт соцтармактан алынды.
Айгүл Зибирова. Сүрөт соцтармактан алынды.

Бишкектеги №3 балдардын Тез жардам клиникасынын дарыгери Айгүл Зибированын өлүмү боюнча тергөөгө чейинки териштирүү жүрүп жатат.

Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, дарыгердин өлүмү боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Маркумдун бир тууганы Мехригүл Зибирова сиңдиси асфиксиядан көз жумганын, ошол учурда жанында мурдагы сүйлөшкөн жигити болгонун жазган.

Бишкектеги №3 балдардын Тез жардам клиникасынын реаниматологу, 28 жаштагы Айгүл Зибирова аталган ооруканада 2019-жылдан бери иштеп келген. Ал 31-декабрь түнү да кызматында нөөмөттө болгонун, 2-январга караган түндө каза болгону тууралуу маалымат алышканын маркумдун эмгек жамааты соцтармактарга жазышты. (ZKo)


Шерине

 

XS
SM
MD
LG