Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Венесуэланын президенти Николас Мадуро Нью-Йоркко жеткирилди


Венесуэланын президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес Нью-Йорктогу тик учак конуучу жайга алып келинген учур
Венесуэланын президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес Нью-Йорктогу тик учак конуучу жайга алып келинген учур

АКШнын аскердик операциясында кармалган Венесуэланын президенти Николас Мадуро учак менен Нью-Йоркко жеткирилди.

Америкалык телеканалдар көрсөткөн видеолордо АКШнын коопсуздук кызматкерлеринин коштоосунда Мадуро түшкөн учак 3-январда Нью-Йорктон 100 чакырым аралыкта жайгашкан эл аралык Стюарт аэропортуна конгону айтылат.

Телеканалдар күч кызматкерлери кармап бараткан киши Венесуэланы 2013-жылдан бери башкарып келаткан Мадуро экенин ырасташты. Кошмо Штаттар ага 2020-жылы баңгизат соодасына катышы бар деген айып таккан.

New York Times укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме берип, Мадуро жана анын аялы тик учак менен Бруклинге жеткирилгенин, ал жактагы убактылуу кармоо борборунда сотту күтөрүн жазды.

3-январга караган түнү АКШ Венесуэлада атайын операция жүргүзүп, Мадурону жана жубайын кармап кеткенин расмий жарыялады.

Борбор калаа Каракаста бул түнү бир нече жерде жарылуу болгону кабарланган. Мадуро өлкө АКШнын чабуулуна кабылганын билдирип, өзгөчө кырдаал жарыялаган.

АКШнын өкүлдөрү Венесуэладагы операция ушуну менен аяктаганын билдиришти.

АКШ президенти Дональд Трамп Николас Мадурону кармоо операциясына байланыштуу 3-январда түшкө маал маалымат берип, операцияга америкалык "көп аскерлер, көп учак катышканын", алардын арасында эч бир жоготуу болбогонун, Кошмо Штаттардын аймагына маңзаттын 97% деңиз жолдору аркылуу, көбүнчө Венесуэладан ташылып барарын, эми айыптуулар сот жообуна тартыларын айтты.

Трамп бул өлкөдө бийликти легитимдүү жетекчиликке "коопсуз жана чыныгы өткөрүп берүү" камсыз болгонго чейин аны АКШ башкарарын жарыялаган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG