Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:46

Харьковдо ракета чабуулунан кийин уранды алдынан үч жашар баланын сөөгү табылды


Харьков. 2-январь, 2026-жыл.
Харьков. 2-январь, 2026-жыл.

Орусиянын 2-январдагы ракета чабуулунан Украинанын Харьков шаарында кеминде 30 киши жаракат алганын жергиликтүү бийлик маалымдады.

"Урандылардын алдында дагы адамдар бардыгы тууралуу маалымат бар. Куткаруу иштери уланып жатат”, - деп жазды Телеграм каналына Харьковдун аскерий администрация башчысы Олег Синегубов.

Кечке жуук бийлик урандылардын алдынан үч жаштагы баланын сөөгү табылганын билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Телеграм баракчасына чабуул жасалган аймактан сүрөт жарыялады.

"Орусия Харьковго укмуштуудай чабуул жасады. Баштапкы маалыматтар боюнча эки ракета. Бутага эл жашаган конуш алынган. Үйлөрдүн бири катуу жабыркаган. Учурда куткаруу иштери жүрүп, тийиштүү кызматтар тартылды. Жаракат алгандардын так саны белгисиз”, - деп белгиледи Зеленский.

2022-жылы февралда Украинага басып киргенден бери орус аскерлери украин жайкын тургундарын да бутага алып келет, бирок, далилдерге карабастан аны мойнуна албайт.


Шерине

XS
SM
MD
LG