Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:23

Хабаровсктогу рейдде сабалган өзбек жаранынын өлүмүнө байланыштуу Ташкент Москвага нота жолдоду


Орусиядагы мигранттар кезектеги тинтүүдөн кийин. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы мигранттар кезектеги тинтүүдөн кийин. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Орусиянын Владивосток шаарындагы Башкы консулдугу Хабаровск крайынын прокуратурасына, тергөө башкармалыгына, ошондой эле бул аймактагы Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнө нота жиберип, трагедиялуу окуяны толук иликтөөгө чакырды.

Маалыматтарга караганда, өзбек жараны сабалгандан кийин комага түшүп, кийин каза болгон.

12-декабрда Хабаровск шаарындагы кафелердин бирине атайын багыттагы күчтөр кирип барып, ал жерде болгон Өзбекстандын жарандарын сабашкан. Алардын бири көп өтпөй алган жарааттарынан улам көз жумганы кабарланган.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, өлкөнүн Башкы консулдугу жана миграция агенттиги кырдаалды өз көзөмөлүнө алган. Дипломаттар маркумдун жакындары менен байланышта болуп, сөөктү мекенине жеткирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Өлүмдүн расмий себеби азырынча айтылган жок.

Буга чейин социалдык тармактарда Хабаровсктогу окуяда сабалган эки өзбек жараны комага түшкөнү тууралуу маалымат тараган. Бирок Тышкы иштер министрлиги дагы бир жабырлануучунун абалы оор экени тууралуу кабар ырасталбаганын билдирди.

Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, мамлекет сөөктү мекенине жеткирүүгө кеткен чыгымдарды толук өзү көтөрөт.

Орусия Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары үчүн негизги эмгек миграциясы багыты бойдон калууда. Ошол эле учурда бул өлкөдө коопсуздук рейддеринин катаалдыгы, улут аралык жек көрүү негизиндеги кылмыштар, коомдогу ксенофобиялык маанайдын өсүшү, ошондой эле мигранттарды Украинага каршы согушка тартуу уланууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG