Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:38

Лавров украиндерди Путиндин резиденциясына чабуул жасоого айыптады, Зеленский четке какты


Сергей Лавров
Сергей Лавров

Украинанын президенти Владимир Зеленский Кремлдин украин дрондору орус президентинин резиденциясына "чабуул жасоого аракет кылды" деген маалыматын төгүнгө чыгарды. Зеленский муну “кезектеги калп” деп атап, орус бийлиги мындай жол менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жолтоо болуп жана Киевдеги өкмөттүк имараттарга чабуул жасоого шылтоо издеп атканын билдирди.

Анын алдында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 29-декабрга караган түнү Украина дрондор менен орус президенти Владимир Путиндин Новгород облусундагы резиденциясына чабуул жасоого аракет кылганын жар салган эле. Ал чабуулдарга 91 дрон колдонулуп, алардын баарынын мизи кайтарылганын ишендиргенге аракет кылган.

Лавров расмий Москва тынчтык сүйлөшүүлөрдөн баш тартпай турганын, бирок буга чейинки позициясын кайра карап чыгарын кошумчалаган.

Ал тапта орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Путин АКШ президенти менен дал ушул маселе боюнча телефондон сүйлөшкөнүн, Трамп соңку маалыматты угуп “абдан ачууланганын” айтты.

Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Левитт X соцтармагы аркылуу Трамптын Путин менен сүйлөшкөнүн ырастап, бирок кеңири маалымат берген жок.

Бул айыптоолор Зеленский менен Трамп Флоридада жолугуп, сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин айтышкандан бир күн өтпөй жасалды. Трамп жолугушуудан бир нече саат мурда Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн белгилеп, дээрлик төрт жылга созулган согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимин түзүүгө "мурдагыдан да жакындап калганын" айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG