Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:57

Азык-түлүк баасы былтыркыга караганда 8,9% көтөрүлдү


Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2025-жылы азык-түлүк баасы өткөн жылдын декабрына салыштырганда 8,9% өскөн.

Анын ичинен мөмө-жемиш 42,0%, балмуздак 20,6% өсүмдүк майлары 17,4%, балык 15,7%, эт 15,2%, минералдык суу 10,2%, бал 9,4%, жашылча 9,4%, чай 5,4%, ун 4,8%,
кургатылган мөмөлөр жана жаңгактар 4,7%, нан 4,6% кымбаттаган.

Ал эми жумуртка баасы 10,1%, күрүч 1,6%, малдын майы 0,3% төмөндөгөн.

2024-жылдын декабры менен салыштырганда алкоголдук ичимдиктер 7,3%, тамеки 9,4% кымбаттаган.

Буга чейин Улуттук статистика комитетинин азык-түлүктүн бааларына жүргүзүп турган күндөлүк мониторинги жыл башынан бери уй эти 15%, койдуку 18% жана жылкынын эти 22% кымбаттаганын көрсөткөн. Ал эми эттин бул үч түрүнүн баасынын соңку беш жылдык мезгилдеги өсүүсү 70-90% чейин жеткен.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) эттин баасын негизсиз көтөргөндөр жоопко тартыларын эскертип, өкмөт бааны ооздуктоо аракеттерин көрүп келет.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG