Жума күнкү намаз маалында Сириянын Хомс шаарындагы мечитте болгон жардыруудан кеминде алты адам каза таап, 21 киши жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди.
Сириянын мамлекеттик SANA агенттиги тараткан сүрөттөрдө мечиттин килемдерине сиңген кан, дубалдардагы тешиктер, сынган терезелер көрүнөт.
Имам Али ибн Абу Талиб мечити Хомстун негизинен алавит азчылыгы жашаган Вади ал-Дахаб районунда жайгашкан. Хомс өлкөдөгү үчүнчү ири шаар.
SANA агенттиги коопсуздук булактарына таянып билдиргендей, баштапкы маалыматтарга караганда жардыруучу заттар мечиттин ичине орнотулган.
Кол салууну уюштургандарды издөө иштери жүрүп жатат.
Акыркы апталарда Сириянын бир катар аймактарында чыңалуу күчөдү. Ири масштабдагы согуш аракеттери басаңдаганы менен узактан бери уланып келген диний, этностук жана саясий карама-каршылыктардан улам өлкөдөгү абал дагы эле туруксуз бойдон калууда.
Өткөн жылы бийликтен кулатылган Башар Асад алавит азчылыгынан эле. Ал Орусияга качып кеткенден кийин бул диний жамааттын өкүлдөрү куугунтукка туш болгонун айтып келишет. Март айында Асаддын тарапкерлери менен өкмөттүк күчтөр кагылышып, жүздөгөн кишинин өмүрү кыйылган. Алардын көбү алавиттер болгон.
Ушул апта башында Алеппо шаарында өкмөттүк күчтөр менен күрддөр жетектеген Сирия Демократиялык күчтөрү ортосунда кагылышуулар катталды.
Шерине