Бишкектеги Октябрь райондук соту "Трансформация" элдик кыймылынын координатору, жарандык активист Бекназар Айталиевди калайман башаламандыкка чакыруу беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күнөөлүү деп таап, ага үч жылдык пробациялык жаза чегерди. Бул тууралуу аталган соттон кабарланды.
Айталиев ушул жылдын август айында кармалган. Ички иштер органдары анын камалышынын чоо-жайы тууралуу маалымат берген эмес.
Анын алдында, 7-августта Айталиев Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунун №172 контурунда мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу иштери жана жалпы эле Кыргызстандагы жер мунапысы тууралуу басма сөз жыйынында сүйлөгөн. Ал жаңы конуштарда адамдар турак жайын мыйзамдаштыра албай жатканын айтып, президентке жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасына кайрылган.
Бишкек шаардык мэриясы №172 контурда 385 курулуш бар экенин, алардын арасындагы мыйзамга туура келбеген 236 объект буздуруларын билдирген. Аларды бузуу иши тургундардын каршылыгы менен коштолгон. Сөз болуп жаткан аймакка үй жана башка курулуштарды куруп алгандар жерди мыйзамдуу сатып алганын айтып чыгышкан.
Мэрия бул аймакка жер мунапысы берилбей турганын, себеби мыйзам боюнча 2021-жылдын 31-декабрына чейин курулган үйлөрдү мыйзамдаштырса болорун кабарлаган. Шаар бийлиги Көк-Жардагы үйлөр 2021-жылдан кийин салынганын кошумчалаган.
Ички иштер министрлиги №172 контурдагы айдоо жерлерине үй курууга мыйзамсыз уруксат берген деген шек менен төрт кишини кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган.
Шерине