Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

Украинадагы согушта мерт болгон 158 миңдей орусиялыктын тек-жайы такталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Украинага кол салып, бастырып киргенден бери кеминде 158 143 орусиялык жаран мерт болду. Мындай маалыматты Би-Би-Си менен "Медиазона" басылмасы ачык булактарга таянып чогуу аныктап чыкты.

Ага ылайык, набыт болгондордун 55% келишим түзүп, согушка өз эрки менен баргандар. Башкача айтканда, согушка чейин алардын орус армиясы менен байланышы болгон эмес. Өз ыктыяры менен баргандардан сырткары абактан тартылгандар, мобилизация болгондор да бар.

Иликтөөчүлөрдүн эсебинде, 2025-жылы бери дегенде 33 203 жоокер окко учту. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу аз, былтыр согушта курман болгон жоокерлердин саны 64 950 деп эсептелген.

Бул статистикага орусиячыл жикчилдер арасындагы жоготуу кирбейт. Ошондой эле согушта өлгөнү же дайынсыз жоголгону тууралуу ачык айтылбаган учурлар кошулбайт.

Журналисттер курман болгондор тууралуу маалымат жыйноону улантып жатышканын, алардын колунда такталып жаткан дагы миңдеген билдирүү бар экенин айтып, быйылкы жылдын жыйынтыгын толук чыгаруу үчүн дагы бир канча ай керек болорун белгилешет.

Буга чейин "Азаттык" бул согушта теги кыргызстандык кеминде 70 киши набыт болгонун аныктаган. Алардын 38и Кыргызстандын жараны. Калганы теги кыргызстандыктар. 10 адамдын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болгон.

Иликтөөчү журналисттер согушта ажал тапкандардын аты-жөнүн, тек-жайын жергиликтүү бийликтердин айткандары, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан алынган маалыматтын негизинде тактап келет. Алар реалдуу сан мындан кеминде эки эсе көп экенин белгилешет.


Шерине

XS
SM
MD
LG