Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Курултайда четте жүргөн мигранттардын шайлоого катышуу укугу чектелгени айтылды


Курултай, архивдик сүрөт.
Курултай, архивдик сүрөт.

Бишкекте өтүп жаткан IV курултайдын экинчи күнүндө жарыш сөзгө чыккан, Орусиядагы кыргыз диаспораларынан шайланып келген делегат Казыбек Усупов чет жерде жүргөн кыргыз жарандарынын шайлоого талапкер катары катышуу укугу чектелгени тууралуу маселе көтөрдү.

Ал көп убакыт башка мамлекетте жүргөнү үчүн шайлоого катыша албай калганы туура эмес экенин айтып, тескерисинче, аларга атайын квота бөлүп берүүнү сунуштады.

"Чет жерде жүргөн мекендештер Жогорку Кеңештин депутаты боло албайт деген мыйзамды алып салууну сунуштайм. Бул мыйзам менен силер чет жерде жүргөн бир миллиондон ашык мекендешибиздин укугун чектеп жатасыңар. Андан көрө, чектөө киргизбестен, бир же эки квота бергиле. Ошол жактан дагы талапкерлигин көргөзүшсүн. Ал жакта эмне деген гана жаштар жүрөт. Алардын ички дүң өнүм тууралуу кабары бар",-деди делегат.

Борбордук шайлоо комиссиясы соңку парламентттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген айрым жарандарды акыркы беш жылда Кыргызстанда туруктуу жашаган эмес деген негизде каттоодон баш тарткан. Муну шайлоо тууралуу жаңы мыйзамдын талабы менен түшүндүргөн.

Бул жагдай сын-дооматка кабылып, айрыкча сыртта жашап, иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын нааразылыгын жараткан.


Шерине

XS
SM
MD
LG