Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Аялы менен балдарын уруп-сабап, бакпай жүргөндөрдү мамлекеттик кызматка албоо сунушталды


Былтыр 8-мартта өткөн аялдар жүрүшүндө тартылган сүрөт.
Былтыр 8-мартта өткөн аялдар жүрүшүндө тартылган сүрөт.

Аялын, балдарын таштап, аларга зомбулук көрсөткөн эркектерди мамлекеттик жумушка кабыл албоо сунушу 26-декабрда Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда айтылды. Мындай пикирин Бишкектин Ак-Ордо конушунан делегат болуп шайланып келген Жолдошбек Турдубаев билдирди.

Ал соңку жылдарда аялдарга болгон зомбулук күч алганын, мындай эркектерди мамлекеттик жумушка албай, Жогорку Кеңештин жана ошондой эле айылдык, шаардык кеңештердин депутаттыгына баруусуна тыюу салуу керектигин белгиледи.

23-декабрда Бишкекте 47 жаштагы Жибек Урустемованын өлүмүнөн кийин аялдарды коргоо, зомбулукка каршы күрөш маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Аны өз үйүндө күйөөсү тапанча менен атып салган. Маркумдун артында үч уулу жетим калды.

Президент Садыр Жапаров 25-декабрда курултайдын биринчи күнүндө сүйлөгөн сөзүндө үй-булөлүк зомбулук маселесине кайрылып, "аялдар менен балдарды коргоо маселеси кызыл чекке жетип баратканын" айткан. Мындай кылмышкер жазадан кутулбай турганын белгилеп, 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жок кылууга артыкчылык багыттар берилгенин кошумчалаган.

25-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да кандуу окуя тууралуу комментарий берип, адам өлтүрүлгөн учурда аны кайсы бир жагдайга шылтоо орунсуз экенин айткан.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда жыл башынан бери 8 ай аралыгында 21 аял зомбулуктун курмандыгы болду. (KS)



Шерине

XS
SM
MD
LG