АКШ куралдуу күчтөрүнүн Түштүк командачылыгы Тынч океанынын чыгыш тарабында сүзүп бараткан кемеге сокку урулганын билдирди. Маалыматка караганда, мындай буйрукту Пентагондун башчысы Пит Хегсет берген.
Х социалдык тармагына чыккан маалыматка караганда, сөз болгон кемени «террордук деп таанылган уюмдар колдончу» жана ал «маңзат аткезчилиги операцияларына катышканы аныкталган».
Командачылык соккудан бир киши набыт болгонун белгиледи, "Настоящее Время" телеканалы америкалык аскерлер жабыр тарпаганын жазды.
Би би синин орус кызматынын маалыматы боюнча, сентябрдан бери АКШ Кариб деңизинде маңзаттарын ташып баратат деген негизде 20дан ашуун кемени бутага алды. Анын натыйжасында бери дегенде 88 киши өлдү. АКШ президенти Дональд Трамптын сынчылары Пентагон өз ыйгарымдарынан аша чапкан жокпу жана баңгизаттарына тиешеси жок адамдар бөөдө өлүмгө туш болбодубу деген кооптонуусун айтышууда.
Вашингтон маңзат аткезчилигине көмөктөшүүдө деп Венесуэланын бийлигин айыптап келет. Трамп ал өлкөгө бараткан же ал жактан келаткан санкция салынган мунай танкерлеринин бардыгын "толук бөгөттөө" буйругун бергенин билдирген.
Ушул айда АКШ Венесуэланын жээгинде Centuries жана The Skipper деген танкерлерди колго түшүргөн. Ички коопсуздук министри Кристи Ноэм Кошмо Штаттар «региондо наркотерроризмди каржылоо үчүн колдонулган санкция киргизилген мунайды ташууга каршы чара көрөрүн" билдирген.
Шерине