Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:35

Чүйдүн акими Тагаев кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шек саналып кармалды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Чүй облусуна караштуу Чүй районунун акими Русланбек Тагаев кармалганын билдирди. Анда кум-шагыл аралашмаларын казып алууга күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүүгө байланыштуу кылмыш иши козголгонун, акимге анын негизинде кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси менен айып тагылганын маалымдады.

"Райондук администрациянын башчысы Т.Р.Т. кыргыз өкмөтүнүн токтомунун талаптарын бузуп, 0,1 гектардан ашпаган аянттагы дарыянын нугунан кум-шагыл аралашмасын казып алууга лицензия берүүгө уруксат берген. Бирок иш жүзүндө 20 гектар жер тилкесин пайдаланууга уруксат бергени аныкталган. Мындан сырткары, аким айрым чарбалык субъектилер менен кылмыштуу кутумга кирип, ошондой эле жакын тууганынын кызыкчылыгын коргоо үчүн күбөлүктөрдү берүүгө мыйзамсыз уруксат берген. Т.Р.Т. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат",-деп жазылган маалыматта.

Русланбек Тагаевдин жактоочусу жана жакындары буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Ал Чүй районун акими болуп былтыр мартта дайындалган. 2023-жылы Бишкектеги бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышып, экинчи болуп келген. Ага чейин аталган райондун акими болуп турган.


Шерине

XS
SM
MD
LG