Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Орусия Украинага каршы согушуна короткон чыгымын алгачкы ирет ачыкка чыгарды


Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов.
Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов.

Орусияда быйылкы жылы мамлекеттик бюджеттин “атайын аскердик операцияга түздөн-түз байланышкан” чыгымдары ички дүң өнүмдүн 5,1 пайызын түздү. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов мекеменин кеңейтилген жыйынында билдиргенин Faridaily басылмасы жазды.

Өлкөнүн Экономика жана өнүктүрүү министрлигинин божомолуна ылайык, Орусиянын ички дүң өнүмү быйыл 217,3 триллион рублди түздү. Ошого караганда, Украинага каршы согушка кеткен чыгымын 11,1 триллион рубль деп бааласа болот.

Бул министрликтин согуш башталгандан бери ага кеткен чыгымын биринчи ирет ачыкка чыгарышы болду. Буга чейин жаңы курал-жарак иштеп чыгуу, курулуштарга инвестиция салуу жана башка чыгымдар кошулган “Улуттук коргонуу” беренеси боюнча жалпы чыгым гана жарыяланчу.

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, быйыл “Улуттук коргонууга” 13,5 триллион рубль коротулду жана бул каражаттын дээрлик 82% Украинадагы согушка жумшалды.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG