18-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Тоолуу райондордун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Айрым жерлерде туман түшөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндуз -1…+4;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз -1…+4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндуз 4…9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 1…3° жылуу болот.
Дагы караңыз
Шерине