Таалай Базарбаев дипломатиялык кызматынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Кыргызстандын Италиядагы элчиси кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 12-декабрда кол койду.
Базарбаев элчилик кызмат менен чогуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматынан бошоду.
Италияда Кыргызстандын элчилиги 2021-жылы ноябрда расмий ачылган.
Алгачкы элчи болуп буга чейин өкмөттө, Тышкы иштер министрлигинде иштеген Таалай Базарбаев дайындалган. (КЕ)
Шерине