Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Адам укуктары боюнча федерациянын үч эксперти Кыргызстанга киргизилген жок


“Манас” эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.
“Манас” эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

"Адам укуктары боюнча эл аралык федерация" (FIDH) эл аралык укук коргоо уюмунун Рафаил Лопухин баштаган үч эксперти 12-декабрда “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргызстанга киргизилбей, кайра артка кайтарылды.

Алар “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюму уюштуруп жаткан фестивалга жана “Кризис маалындагы маалымат коопсуздугу, пропаганда менен манипуляцияга каршы туруу” деген темадагы конференцияга катышуу үчүн келе жатышкан.

“Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова чет өлкөлүктөр эмне себептен киргизилбей калганы белгисиз экенин, ушул тапта адвокаттар тактоо иштерин жүргүзүп жатканын айтты. Бул маселе боюнча алар Акыйкатчы институтуна да кайрылышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы окуя тууралуу комментарий бере элек.

Пропаганда менен манипуляцияга каршы күрөшүү боюнча конференцияда чет элдик жана жергиликтүү журналисттер, медиа эксперттер сөз сүйлөп, талкуу болот.

FIDH дүйнөдөгү адам укуктары жаатындагы тарыхы эң узак эл аралык уюмдардын бири. Ал 1922-жылы негизделген. Курамына укук коргоочулук менен алектенген көптөгөн уюмдар кирет. Башкы кеңсеси Франциянын борбору Парижде жайгашкан, башка өлкөлөрдө да өкүлчүлүктөрү бар. Ал кыргызстандык укук коргоочулар менен да кызматташып, өлкөдөгү абал тууралуу баяндап турат. (KE/BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG