Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:28

Зеленский эки-үч айдын ичинде шайлоо өткөрүүгө даярдыгын билдирди


Украин президенти Владимир Зеленский
Украин президенти Владимир Зеленский

Украин президенти Владимир Зеленский эки-үч айдын ичинде шайлоо өткөрүүгө даярдыгын билдирди. Бирок бул үчүн добуш берүүнүн коопсуздугу кепилдениши керек:

«Мен шайлоого даярмын. АКШ, балким европалыктардан биргелешип добуш берүүнүн коопсуздугун камсыздоону сурайм. Анда Украина 60-90 күндүн ичинде шайлоого даяр болот».

Мунун алдында АКШнын мамлекет башчысы Дональд Трамп Politico басылмасына берген интервьюда Украинада президенттик шайлоо өткөрүү керектигин айткан.

“Аларда көптөн бери шайлоо өтө элек. Демократия жөнүндө айтып жатышат, бирок азыр демократия болбой турган жагдайга баратат”, -деди Трамп.

Шейшембинин кечинде журналисттердин суроолоруна жооп берген Зеленский согуш абалында шайлоо уюштуруу үчүн парламенттен мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү өтүнөрүн кошумчалады.

Зеленский ошондой эле шаршембиде Киев Вашингтонго жаңыланган тынчтык планын тапшырарын билдирди. Анын айтымында, Украина, АКШ жана европалык өнөктөштөр бардыгы болуп үч документти талкуулап жатышат.

«Азаттыктын» украин редакциясынын маалыматына караганда, президент 20 пункттан турган жалпы документ улам өзгөрүп жатканын белгиледи. Экинчисинде кеп коопсуздук кепилдиктери тууралуу жүрүүдө, үчүнчүсүндө согуштан кийин өлкөнү калыбына келтирүү жөнүндө айтылат.

Зеленскийдин президенттик мөөнөтү өткөн жылы аяктаган. Бирок согуш абалы жарыяланган өлкөдө мыйзам шайлоо өткөрүүгө жол бербейт. Жаңы шайлоо өткөнгө чейин ал кызматында кала берет.


Шерине

XS
SM
MD
LG