Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:23

Январь окуясында каза болгон Бектургановдун жубайы күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды


Шапагат Кадырова.
Шапагат Кадырова.

Казакстанда Январь окуяларында каза болгон Акимжан Бектургановдун жесири Шапагат Кадырова 8-декабрда адилеттик издеп, Астанага жөө сапар тартып, бирок жарым жолдон 9-декабрда Алматыга кайтып келгенин билдирди.

Qazaq Times басылмасына берген маегинде Кадырова “адилеттик үчүн бара жатканын” айтып, күйөөсүн өлтүргөндөрдү жоопко тартууну талап кылуу үчүн өкмөт өкүлдөрү менен жолугушууну кааларын билдирген.

Кадырова журналисттерге аны менен Алматы шаарынын жергиликтүү бийлиги байланышканын айтты. Үч баланын энеси Шапагат Кадырова күйөөсүнө ок аткандар жазаланышы керек деп талап кылууда.

Шапагат Кадырованын жолдошу Акимжан Бектурганов 2022-жылдын январында, өлкөнүн ири шаарларын камтыган нааразылыктар башаламандыкка айланып кеткен кезде өлтүрүлгөн.

Кошуна өлкөдө ал жылы газдын баасын төмөндөтүү талабы менен башталган тынч митингдер башаламандыкка айланып, кан төгүлгөн. Бийлик өлкөгө террордук чабуул жасалганын билдирген. Президент Касым- Жомарт Токаев күч кызматкерлерине эскертүүсүз ок атуу буйругун бергенин айткан.

Тополоңдо каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык кеминде 238ге жеткен. Январь окуяларына байланыштуу Казакстанда 10 миңдей адам кармалганы айтылган жана көпчүлүгү кийин бошотулган. (AiA)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG