Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Ташиев беш жылда коррупциядан 300 млрд сомдон ашык каражат өндүрүлгөнүн айтты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда 2020-жылдан бери коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк, каражат түрүндө мамлекетке 300 млрд сомдон ашык каражат кайтарылганын билдирди.

Бул тууралуу атайын кызматтын төрагасы Region телеканалына жемкорлукка каршы күрөш боюнча курган маегинде айтты. Анын сөзүнө ылайык, 1000ден ашык завод-фабрика жана ар кандай мекемелер, ошондой эле 30 миң гектардан ашык жер мамлекетке алынды.

“Коррупциялык элементтер азайды. Азыр мамлекеттик мекемелерде жок дегенде коррупцияга аралашкандан айбыгып, мыйзамдан коркуп калышты. Биз эми муну андан ары өнүктүрө берсек коом, мамлекеттик органдар көнөт”, - деди ал.

2020-жылы Октябрь окуясынан кийин келген бийлик өлкөдө жемкорлукка жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жүргүзүп жатканын жарыялап, андан бери бир катар азыркы жана мурдагы чиновниктер кармалган. Алардын арасында келтирилген чыгымды бюджетке төлөп, эркиндикке чыккандар да көп.

Эл аралык Transparency International (TI) уюмунун 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексине ылайык, Кыргызстан жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашган. 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган болчу. Упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.

Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG