9-декабрга караган түнү Украинанын аба соккусуна Орусиянын Чебоксары шаары кабылып, бир нече турак жайга зыян келтирилгени кабарланды. Бул тууралуу Чувашиянын башчысы Олег Николаев билдирди. Акыркы маалыматтарга караганда, 14 киши жаракат алган, алардын арасында жашы жете элек бала бар.
Орусиянын Коргоо министрлиги шейшембиде тараткан маалыматта бул тууралуу айтылган эмес. Жергиликтүү телеграм каналдар күбөлөрдүн видеолорун жарыялып, шаардагы көп кабаттуу үй зыянга учураганын жазды. Үйдүн тургундары эвакуацияланып, убактылуу жайга жайгаштырылды. Astra телеграм каналы күбөлөрдүн айтканына таянып, эки адам каза болгонун жазды. Бирок бул маалымат расмий тастыктала элек.
Бир ай мурун да Олег Николаев украин дрондору шаарга чабуул жасаганын билдирген. Анда эки турак үй жабыркап, эки киши жаракат алган, алардын бири өспүрүм болгон.
Украин аскер бийлиги акыркы чабуул боюнча комментарий бере элек.
Чебоксары орус-украин чек арасынан 970 чакырым алыста жайгашкан.
Согуш жүрүп жаткан жерлерден түшкөн маалыматтарды көз карандысыз тараптардан тастыктоо мүмкүн эмес. (AiA)
Шерине