Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, 9-декабрга караган түнү Орусия Украинанын аймагына 110 дрон менен абадан сокку урду. Маалыматка караганда, алардын 84ү атып түшүрүлдү.
Чабуулдун кесепетинен Сумы жана Запорожье облустарынын айрым тургундары жарыксыз калды.
Запорожье облусунун башчысы Иван Федоровдун айтымында, орус күчтөрүнүн чабуулунун натыйжасында коңшу Днепропетровск облусундагы электр тармактары жабыркады. Ошол себептен Запорожье району боюнча 5200 абонент жарыксыз отурат.
«Коопсуздук шарттары мүмкүнчүлүк берген замат адистер кайра калыбына келтирүү иштерин баштайт», – деди ал.
8-декабрдын кечинде Орусия Сумы облусунун энергетикалык инфраструктурасына жапырт сокку урган. Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Григоровдун айтымында, Сумы шаарынын айрым бөлүктөрү жарыксыз калды.
«Мындай соккулардын бир гана максаты элди жарыктан жана жылуулуктан ажыратуу, кооптуу абал түзүү», – деди Сумынын башчысы.
«Укрэнерго» компаниясы да буга чейин болгон ракета жана дрон соккуларына байланыштуу Украинанын бир нече аймагында авариялык өчүрүүлөр киргизилгенин билдирди. Чектөөлөр энергетикалык система турукташкандан кийин алынып салынары айтылды.
Орусия Украинанын энергетикалык инфраструктурасына үзгүлтүксүз сокку уруп келет.
7-декабрга караган түнү орус күчтөрү Кременчугга чабуул жасаган. Анын кесепетинен шаардын ондогон району электр, суу жана жылуулук берүүдө үзгүлтүккө учураган.
Далилдерге карабай Орусия Украинанын аскердик жайларын гана бутага алганын айтып келет. (AiA)
Шерине