Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

ИИМ өкүлү №26 округда добуш сатып алууга шектелип кармалгандар боюнча комментарий берди


Кеминде кармалгандардын жанынан табылган акча. Активисттер тараткан видеодон алынган скриншот.
Кеминде кармалгандардын жанынан табылган акча. Активисттер тараткан видеодон алынган скриншот.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын башчысы Султан Макилов №26 шайлоо округунда добуш сатып алуу үчүн камдалган делген 460 миң сом менен кармалган шектүүлөр боюнча “МедиаХабдын” журналистине комментарий берди.

“Акча таратып жаткан жеринен бир жаранды кармаганбыз. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча айып тагып, ишти жакын арада сотко кетиребиз. Кармалган киши талапкер Саккараев жөнүндө айтыптыр, бирок Саккараев менен анын эч кандай байланышы жок экен. Азыр тергөө иштери уланып жатат, мен анын баштапкы жыйынтыктарын айтып жатам”, – деди журналистке жооп берип жатып Султан Макилов.

Активист Атай Бейшенбек 29-ноябрь күнү Фейсбукта пост жазып, Кемин районунда добуш сатып алууга шектелген бир нече адам кармалганын кабарлап, окуянын видеосун да жарыялаган. Тасмада кармалган адамдардын жүздөрү көрсөтүлгөн эмес, алар турган жерде 1000 сомдук жана 5000 сомдук акча тутамдап турганы тартылган.

Кармоо 28-ноябрда болгону маалымдалып, кийинчерээк расмий кабар берилери айтылган. Ички иштер министрлиги ошо бойдон расмий маалымат тараткан эмес.

Аталган округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Элдар Абакиров шайлоодон кийин кайрылуу жасап, Кемин районундагы бул окуяда 5-6 адам 460 миң сом менен кармалганын айтып, бул маселе каралбай калганына даттанып, акчанын чоо-жайы боюнча териштирүүнү талап кылган. Ал бул иш боюнча күнөөлүүлөр аныкталбаса, №26 шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштаган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев бул билдирүү боюнча Ички иштер министрлиги тергөө жүргүзүп жатканын “Азаттыкка” ырастаган. Укук коргоо органдары анын жыйынтыгын БШКга берген соң каралып, чечим кабыл алына турганын да тактаган.

8-декабрда Боршайком №26 округ боюнча да чечим кабыл алып, жеңүүчү катары Медербек Саккараевди, Эркинбек Исеналиевди жана Жамила Исаеваны тааныган. Баштапкы жыйынтыкка ылайык, Саккараев 12 миң 82, Исеналиев 11 миң 656 добуш алган. Айым талапкерлерден Исаева 5 миң 784 добуш чогулткан. Элдар Абакировду 7 миң 242 шайлоочу колдоп, үчүнчү орунга чыккан эле.

ИИМ жалпысынан 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш сатып алуу боюнча тогуз кылмыш иши козголгонун, бул боюнча 12 кишиге айыбы угузулганын маалымдаган.

30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Ага жалпы катталган 4 294 243 шайлоочунун 1 584 446сы катышты. Бул жалпы көрсөткүчтүн 36,90% түзөт. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG