Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы (ЖАМК) жарандык активист, ырчы, камактагы Аскат Жетигенди мөөнөтүнөн мурда бошотууга мыйзам жол бербей турганын билдирди. Бул тууралуу 9-декабрда "Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова кабарлады.
Укук коргоочунун айтымында, активисттин адвокаты анын абактагы үлгүлүү жүрүм-турумун эске алуу менен жазасын өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууну суранып, ЖАМКга өтүнмө жиберген.
Мекеме жактоочуга жооп берген катында Аскат Жетигенди оң баалап, ал эч бир тартип бузбаганын, атүгүл абакта үч ирет сыйланганын белгилеген. Жаза аткаруу кызматы ага карабай Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен жазага тартылгандар мөөнөтүнөн мурда бошотулбай турганын маалымдаган.
Гүлшайыр Абдирасулова тактагандай, Аскат Жетиген 2026-жылдын августунун ортосуна чейин абакта калды.
Бишкектин Свердлов райондук соту Аскат Жетигендин иши боюнча 2024-жылдын 1-июлунда чечим чыгарып, Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган.
Бишкек шаардык соту ошол эле жылы 17-октябрда райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. 2025-жылдын 18-мартында Жогорку сот да биринчи-экинчи инстанциялардын ушул эле чечимдерин күчүндө калтырган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскат Жетигенди алгач былтыр 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.
20-мартта УКМК Аскат Жетигенге дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.
Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - 2024-жылы 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен козголгон.
Ал буга чейинки соттук отурумдарда 20-мартта соттун камакка алуу чечиминен кийин “УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын” айткан.
Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.
Аскат Жетиген бийликти кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган. (ErN)
Шерине