Украинанын президенти Владимир Зеленский сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында согушту токтотуу тууралуу АКШнын тынчтык планы 28ден 20 пунктка чейин азайтылып, Украинанын кызыкчылыгына каршы келген шарттар алынып салганын билдирди.
Ал так кайсы пункттар боюнча сөз болуп жатканын тактаган жок жана аймактык маселелерге байланыштуу азырынча компромисс табыла электигин айтты.
Владимир Зеленский журналисттер менен болгон маегинде Украина Конституция боюнча да, эл аралык укук боюнча да өз аймактарынан баш тартууга укугу жок экенин белгиледи.
“Орусия биз аймактардан баш тартышыбызды талап кылып жатат. Биз эч нерсе бергибиз келбейт - биз дал ушул үчүн күрөшүп жатабыз”, - деген Зеленский Украина 9-декабрда тынчтык планы боюнча ишти аяктап, АКШга өткөрүп берерин кошумчалады.
Буга чейин Politico басылмасы өз булактарына шилтеме берип, Донбасстын келечеги боюнча сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелгенин кабарлаган.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Украина лидери Владимир Зеленский орус-украин согушун токтотуу боюнча Вашингтон сунуштаган планга “кол коюуга даяр эмес”, алтургай документ менен толук тааныша электигин айткан. (BTo)
Шерине