Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:27

Ташиев ЦУМдун жанында жолго чыгып кеткен курулуштарды алууну тапшырды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 8-декабрда Бишкектин Чүй көчөсүндөгү "Айчүрөк" соода борборунун (ЦУМ) жанындагы курулушту текшерди. Атайын кызмат Ташиев социалдык тармактардагы аталган курулушка байланыштуу айтылган сын-дооматтан улам барганын билдирди.

"Буга чейин социалдык тармактарда, Чүй проспектисиндеги соода борборлорунун жанында курулуп жаткан соода түйүндөр жана унаа токтотуучу жайлар, аялдамалар жолго чыгып кеткени тууралуу кызуу талкуулар жүргөн. Мындан улам, УКМКнын төрагасы түзүлгөн кырдаал менен жеринен таанышты. Жолго чыгып кеткен курулмаларды тезинен бузуп шаардагы транспорттук кыймылга маанилүү болгон жол тилкесин тез арада ачып, элге ыңгайлуу шарт түзүп берүү боюнча Курулуш министрлигине, шаар мэрине, жана тиешелүү тараптарга тапшырмаларды берди. Өз кезегинде курулуш компаниясынын жетекчилиги жолду калыбына келтирүү, инфраструктуралык абалды жөнгө салуу боюнча милдеттемелерди алып, тез аранын ичинде аткаруу тууралуу убада берди", - деп жазылган маалыматта.

Бишкек мэриясы ушул жылы март айында 31-марттан тарта Чүй проспектисинин Султан Ибраимов көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү эки жылга жабыларын билдирген. Анда Чүй проспектиси менен Дүйшөнкул Шопоков көчөсүнүн кесилишинде эскалатор, заманбап лифт, жер астындагы өтмөк жана 220дан ашуун автоунаа токтотуучу жайды камтыган долбоордун курулушу башталганын маалымдаган. Долбоорго "Ташболот Холдинг" жана "Олд Бишкек" компаниялары акча саларын, курулуш эки жылга созулуп, жалпы бюджети 2 миллиард сомду түзөрүн билдирген.

“Ташболот Холдинг” ишканасы Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындарына тиешелүү. Мэрия жерди бул компанияга 49 жылга ижарага бергени белгилүү болгон.

Буга чейин Түлеев жол 1-декабрдан тартып ачыларын билдиргени менен азыркыга чейин жабык турганы соцтармактарда талкуу жаратып жаткан. Ошондой эле жол ичкерип кеткени айтылып, жашыл зонанын ордуна үч кабаттуу имараттын курулушу дагы сынга кабылган.

Түлеев буга чейин мындай дооматтардын баарын четке кагып келген. Ал Ташиев келип кеткенден кийин комментарий бере элек.


Шерине

XS
SM
MD
LG