Борбор калаа Бишкек шаарындагы №20 шайлоо округунда 128 180 шайлоочу бар. Бул округда 17 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча Темирлан Айтиев, Сеидбек Атамбаев жана Гүлнара Ташыбекова алдыда баратат. Акыркы жыйынтык жарыялана элек.
№21 шайлоо округунда 139 403 шайлоочу катталган. Бул округдан 16 талапкер чыккан. Баштапкы эсептер боюнча Куванычбек Конгантиев, Жаныбек Абиров жана Жылдыз Садырбаева озуп чыкты.
№22 шайлоо округунда 136 100 шайлоочу катталган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, алдыңкы орунга Дастан Бекешев, Болот Ибрагимов жана Гуля Кожокулова чыгышты.
№23 шайлоо округунда 132 442 шайлоочу бар. Бул округдан парламенттик шайлоого 13 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча алдыга Элвира Сурабалдиева, Марлен Маматалиев, Үмбөталы Кыдыралиев алдыга чыкты.
№24 шайлоо округунда 134 994 шайлоочу бар. Бул округдан 13 талапкер катталган. Бир талапкер шайлоодон четтетилген. Баштапкы маалыматтарга караганда, алдыңкы орундарга Жумабек Салымбеков, Гүлнара Акимбаева жана Арафат Исмаилов чыкты.
№25 шайлоо округунда (Чүй облусунун жана Бишкектеги айрым райондордун аймактары кирген) 141 908 шайлоочу катталган. Аталган округдан 13 талапкер ат салышты. Бахридин Шабазов, Бакыт Тентишев жана Эркайым Сейитказиева алдыда баратат.
30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси саат 8:00дө ачылып, добуш берүү 20:00дө аяктады.
Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеди. Чет өлкөлөрдө 100 тилке ачылды.
Боршайком билдиргендей, шайлоого жалпы 460 талапкер ат салышты.
Шерине