Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Жалал-Абад облусундагы №11,12,13,14,15 округдарда алдыга чыккандар


Шайлоо округдарынын картасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Шайлоо округдарынын картасы. Иллюстрациялык сүрөт.

30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саат 19:00гө карата 1 млн 472 миң 264 жаран добуш берди. Бул көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 34,31 % түзөт. 20:00гө карата эсеп чыга элек.

№11 шайлоо округу – Манас шаарынын жана Сузак районунун бир бөлүгүндө 155 023 шайлоочу бар. Бул округда 5 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Шаирбек Ташиев, Алтынбек Кылычбаев, аялдардан Венера Салямова алдыга чыкты.

№12 шайлоо округу – Сузак районунун бир бөлүгүндө жана Базар-Коргон районунун бир бөлүгүндө 154 398 шайлоочу бар. Бул округда 18 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Бекмырза Чолпонбай уулу, Таалайбек Масабиров, аялдардан Жылдыз Курманалиева алдыга чыкты.

№13 шайлоо округу – Ноокен районунун бир бөлүгүндө жана Базар-Коргон районунун бир бөлүгүндө 159 906 шайлоочу бар. Бул округда 14 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Бактыбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков, аялдардан Айгүл Карабекова алдыга чыкты.

№14 шайлоо округу – Ноокен районунун бир бөлүгүндө, Аксы районунун бир бөлүгүндө жана Токтогул районунда 149 154 шайлоочу бар. Бул округда 13 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Болотбек Борбиев, Кундузбек Сулайманов, аялдардан Гүлшаркан Култаева алдыга чыкты.

№15 шайлоо округу – Аксы районунун бир бөлүгүндө, Аксы районунда жана Чаткал районунда 160 218 шайлоочу бар. Бул округда 15 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Нурланбек Тургунбек уулу, Азизбек Турсунбаев, аялдардан Айсаракан Абдибаева алдыга чыкты.

Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси саат 8:00дө ачылып, добуш берүү 20:00дө аяктады. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеди. Чет өлкөлөрдө 100 тилке ачылды.

Боршайком билдиргендей, шайлоого жалпы 460 талапкер ат салышты. Бул жолу 4 294 243 шайлоочу деп саналган. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар. (ErN)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG