30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саат 19:00гө карата 1 млн 472 миң 264 жаран добуш берди. Бул көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 34,31 % түзөт. 20:00дүн эсеби чыга элек.
№4 шайлоо округу – Ош облусунун Ноокат районунун бир бөлүгүндө жана Араван районунун бир бөлүгүндө 128 275 шайлоочу бар. Бул округда 11 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча аялдардан Советбек Рустамбек уулу, Уланбек Жаанбаев, аялдардан Нилуфар Алимжанова алдыга чыкты.
№5 шайлоо округу – Ош облусунун Араван районунун бөлүгүндө жана Ош шаарынын бир бөлүгүндө 164 557 шайлоочу бар. Бул округда 14 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча Элдар Сулайманов, Азамат Исраилов, аялдардан Айгүл Ахмедова алдыга чыкты.
№6 шайлоо округу – Ош шаарынын негизги бөлүгүндө жана Кара-Суу районунун бир бөлүгүндө 161 323 шайлоочу бар. Бул округда 14 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Алтынбек Кудайбердиев, Бекмурза Эргешов, Нурбек Алимбеков, аялдардан Салтанат Аманова алдыга чыкты.
№7 шайлоо округу – Ош шаарынын бир бөлүгүндө жана Кара-Суу районунун бир бөлүгүндө 141 018 шайлоочу бар. Бул округда 13 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Алишер Козуев, Илимбек Кубанычбеков, Замир Юсупов, аялдардан Гүлай Машрапова алдыга чыкты.
№8 шайлоо округу – Алай, Чоң-Алай райондорунда жана Кара-Суу районунун бир бөлүгүндө 142 405 шайлоочу бар. Бул округда 21 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Жанарбек Акаев, Улан Примов, Таалайбек Сарыбашов, аялдардан Жылдызкан Жолдошова, Нуржамал Төрөбекова алдыга чыкты.
№9 шайлоо округу – Кара-Суу районунун бир бөлүгүндө жана Өзгөн районунун бир бөлүгүндө 122 779 шайлоочу бар. Бул округда 21 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Данияр Төлөнов, Азамжан Жалилов, Жеңишбек Абитов, Нурланбек Саипбаев, Эрнис Толтоев, аялдардан Ыргал Кадыралиева алдыга чыкты.
№10 шайлоо округу – Кара-Кулжа районунунда жана Өзгөн районунун бир бөлүгүндө 136 218 шайлоочу бар. Бул округда 16 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Курманкул Зулушев, Сүйүн Өмүрзаков, Улугбек Ормонов, аялдардан Гүлнара Баатырова алдыга чыкты.
Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси саат 8:00дө ачылып, добуш берүү 20:00дө аяктады. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеди. Чет өлкөлөрдө 100 тилке ачылды.
Боршайком билдиргендей, шайлоого жалпы 460 талапкер ат салышты. Бул жолу 4 294 243 шайлоочу деп саналган. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар. (ErN)
Шерине