Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Баткен облусундагы округдарда (№1,2,3) алдыга чыккан талапкерлер


Шайлоо округдардын картасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Шайлоо округдардын картасы. Иллюстрациялык сүрөт.

30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саат 19:00гө карата 1 млн 472 миң 264 жаран добуш берди. Бул көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 34,31 % түзөт. Саат 20:00гө карата маалымат чыга элек.

№1 шайлоо округу – Баткен облусунун Лейлек районунда 136 220 шайлоочу бар. Бул округда 17 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Чыңгыз Ажибаев, Исманали Жороев, аялдардан Камила Талиева алдыда баратат.

№2 шайлоо округу – Баткен облусунун Баткен жана Кадамжай райондорунда 144 380 шайлоочу бар. Бул округда 14 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Ырысбек Атажанов, Бахтияр Калпаев, аялдардан Бурун Аманова алдыга чыкты.

№3 шайлоо округу – Баткен облусунун Кадамжай районунун бир бөлүгүндө, Ош облусунун Ноокат жана Араван райондорунун бир бөлүгүндө 136 040 шайлоочу бар. Бул округда 17 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Равшанбек Рысбаев, Жаныбек Аматов, Саидбек Зулпуев, Акрам Мадумаров, аялдардан Махабат Мавлянова алдыга чыкты.

Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси саат 8:00дө ачылып, добуш берүү 20:00дө аяктады. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеди. Чет өлкөлөрдө 100 тилке ачылды.

Боршайком билдиргендей, шайлоого жалпы 460 талапкер ат салышты. Бул жолу 4 294 243 шайлоочу деп саналган. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар. (ErN)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG