Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кара, кызыл, сары" тасмасынын коюучу-оператору Талант Акынбеков эл аралык "Бриллиант көпөлөк" сыйлыгынын лауреаты болду. Бул тууралуу "Кыргызкино" сайтына жазды.
Евразиялык кинематография академиясынын "Бриллиант көпөлөк" сынагында кыргызстандык операторго "Мыкты оператор" байгеси ыйгарылган.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо 27-ноябрда Москва шаарында өттү.
“Бриллиант көпөлөк” сынагы 2025-жылы Орусиянын Маданият фонду тарабынан негизделген, демилгечиси - Никита Михалков.
Аталган көркөм тасма буга чейин ЮНЕСКОнун Азия-Тынч океан киноакадемиясынын (APSA) "Маданий көп кырдуулук" сыйлыгына ээ болгон.
Тасманын сценарийи жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылып, тартуу иштери Баткен облусунда жүргүзүлгөн.
Фильмде килем токуучу Турдугүлдүн тагдыры баяндалат. Сүйүү, үй-бүлөдөгү жоопкерчилик, ошондой эле миграция жана чек ара аймактарындагы жашоо көйгөйлөрү чагылдырылат.(ZKo)
Шерине