Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:10

БШК шайлоочулардын соңку тизмесин жарыялады


Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн тизмесин “Тизме" (tizme.gov.kg) порталына жайгаштырды.

Шайлоочулардын тизмесин Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде Президенттин bш башкармалыгынын алдындагы "Кызмат" мамлекеттик мекемеси түзгөн.

Тизмеге 4 294 243 шайлоочу кирген. Анын 48,47% (2 081 514) эркектер, 51,52%.
(2 212 729) аялдар. 18 жаштагылар – 2,44% (104 693), 19-35 жаштагылар - 39,77% (1 707 851), 36-45 жаштагылар - 21,52% (923 975), 46-55 жаштагылар- 15,16% (650 851), 56-65 жаштагылар - 12,31% (528 771), 66 жаштан жогоркулар - 8,80% (378 102) түзөт.

БШК шайлоочулардын тизмелери 2025-жылдын 25-ноябрына чейин 2492 шайлоо участокторунда илине турганын билдирди. Шайлоочулар өздөрүн 1255 же 119 номерине телефон чалып, же шайлоо участкасына барып, же tizme.gov.kg сайтынан тактаса болот.

Мындан тышкары ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат. SMS жана чалуулар акысыз.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. (ST)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG