Президент Садыр Жапаров буга чейин мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин энергетика тармагы боюнча айткан сынына 14-ноябрда “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде жооп берди. Анда Жапаров Атамбаевди энергетика тармагын “сазга батырган” деп айыптап, 1990-жылдан 2010-жылга чейин Энергетика министрлиги 13,6 миллиард сом же 243 миллион доллар карыз болсо, кийинки он жылда 123 миллиард сомго жеткенин белгилеген.
Ошол маалда “энергетика тармагындагы кризистен улам энергетиктерге маянаны банктардан алынган насыянын эсебинен берип калышкан" деп, Атамбаевдин Токтогул ГЭСти жаңылаганы боюнча айткандарын төгүндөдү.
“Датка – Кемин бизге аба менен суудай керек болчу. Бул долбоор Атамбаевдин демилгеси жана анын эмгеги. Муну танбашыбыз керек. Анткени бул тарых. Бирок эки эсе кымбат курулуп атпайбы. Болжол менен бул долбоордон 90 миллион доллардан ашык сумма уурдалган деп эсептеп чыгышты. Эгер текшерүүлөр тереңирээк кирсе андан да көп болушу мүмкүн. Бишкек ЖЭБ боюнча айтсам. Элдин баары билет. 386 миллион долларга жапжаңы ТЭЦ салып койсо болмок. Алар эски ТЭЦтеги 24 мештин болгону 2 мешин жаңылап коюшкан.Ошол эле мезгилде Тажикстан 349 миллион долларга 14 меши менен жапжаңы ТЭЦ салдырып алышкан”, - деди Жапаров.
Президент Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча да сөз кылып, аны ишке ашыра турган “РусГидро” компаниясы кыргыз өкмөтүн сотко берип, анын доосу бүгүнкү күндө 50 миллион долларга жеткенин кошумчалады. Ал 2021-жылы Орусияга сапарында президент Владимир Путин менен бул карызды кечип берүү боюнча макулдашканын, кийин компания доомат койгондо кыргыз бийлиги төлөбөй турганын айтканын тактады.
Маектин соңунда Жапаров мындан ары электр энергиясы, майнинг, тышкы карыз, күбөлүк маселелери боюнча маек бербей турганын кошумчалаган.
10-ноябрда мурдагы президент, чет жакта жүргөн Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү энергетикалык кризис тууралуу Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө жооп берип, анын бийлиги тушунда жасалган иштер тууралуу айтып, аларды жокко чыгарууга болбой турганын жазган. Ошондой эле азыркы бийликти энергетика тармагындагы маалыматтарды ачыкка чыгарбай жатканы жана майнинг фермалар боюнча айыптаган.
Ал өз бийлиги тушунда “Датка – Кемин” линиясы, “Датка” көмөк чордону ишке берилип бул проекттердин арты менен Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстанга транзит үчүн акча төлөбөй калганын жазган. 2012-жылы Токтогул гидроэлектрстанциясынын (ГЭС) гидроагрегаттарын реконструкция иштери башталып, Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) кубаттуулугу 300 МВтка көбөйгөнүн кошумчалаган.
Шерине